УКМК Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулунун эмне үчүн кармалганын айтты

Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Сагындык уулунун кармалышы жакында Бишкек мэриясынын алдындагы Жер ресурстары башкармалыгынын кызматкеринин камакка алынышына байланыштуу экендигин УКМКнын басма сөз кызматы 26-июлда билдирди.

«Мурда алынган 6000 доллар өлчөмүндөгү параны кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмүнүн кызматкерлери кармалышкан. Кармалгандар Бишкек шаарынын ушул тармакты тейлеген вице-мэри менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, жолдун боюнда жайгашкан соода объектисин сактап калуу үчүн кафенин ээсинен 9000 доллар өлчөмүндө пара алышкандыгы аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кармалгандар Бишкек шаарынын вице-мэринин жогорудагы кылмыштын жасалышына тиешеси бар экендигин моюнга алышкан.

24-июлда пара алууну уюштурганы боюнча жетиштүү далилдер болгондугуна байланыштуу Азамат Сагындык уулу кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча ушул кылмыштын жасалышына тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралардын комплекси жүрүп жатат.