УКМК: «Бишкекте 8 миң доллар талап кылган тергөөчү кармалды»

Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ага тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК ички иштер органдарында коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 20-августта Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен биргеликте, 8 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, 550 миң сом алып жаткан учурда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-8 тергөө кызматы тарабынан милициянын капитаны кармалды.

Тергөөдө аныкталгандай, Биринчи Май РИИБде каралып жаткан кылмыш иши боюнча арыз ээсинин тууганына коюлган айыпты анча оор эмес беренеге өзгөртүү үчүн көрсөтүлгөн акчаны опузалап алгандыгы такталган.