УКМК: Бишкекте жолдорду куруу мөөнөтү бузулгандыгы үчүн кылмыш иши козголду

УКМК тарабынан мамлекеттик буюртма боюнча иштерди аткарууда, подряддык курулуш компаниялары тарабынан коюлган милдеттенмелерди талаптагыдай аткарууну камсыз кылуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүн реконструкциялоодо жана курууда тийиштүү милдеттемелерди аткарууну кечеңдетүү жана аткарбоо фактылары аныкталды.

Тактап айтканда, 2023-жылдын башында «Бишкекасфальтсервис» МИси тарабынан Бишкек шаарынын 19 шаардык жолун жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолду капиталдык оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерлердин жыйынтыгы боюнча 145 миллион сом суммасында “Б.Г” ЖЧКсы иш жүргүзөрү аныкталган. Ошол эле учурда, жумушту аяктоо мөөнөтү 2024-жылдын март айына белгиленген. Деген менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда жүргүзүлгөн комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бүгүнкү күндө 9 гана көчө иш жүзүндө бүткөрүлгөнү такталды.

“Б.Г” ЖЧКсы тарабынан курулушту кечиктирүүнүн себептери катары: курулуш техникасынын жетишсиздиги, мыйзамсыз курулуштарды бузуу зарылдыгы, жашыл аянттарды кесүү жана кыюу, электр мамыларын которуу ж. б. ар кандай жагдайлар белгиленип, бирок текшерүүнүн жүрүшүндө алар тастыкталган эмес. «Бишкекасфальтсервис» МИни каржылоо келишимдерде белгиленген шарттарга ылайык жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, буга чейин бүткөрүлгөн көчөлөрдүн ар кандай мүчүлүштүктөрү жана кемчиликтери аныкталып, подряддык уюмга аларды жоюу зарылдыгы көрсөтүлгөн. «Б.Г.» ЖЧКсынын жетекчилиги милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгын толугу менен мойнуна алып, бардык иштерди 2024-жылдын 20-августуна чейин бүтүрүүгө кепилдик берди.