УКМК: Бишкекте мектеп курууга багытталган 111 миллион сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында баасы 111 миллион сомдук жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Тактап айтканда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары Бишкек шаарынын Свердлов районунун «Айкөл» конушундагы 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган 0,62 га жер тилкесин жеке менчикке алып чыгууга көмөктөшкөндүгү аныкталды. 2008-жылдан 2024-жылга чейин белгиленген жер тилкеси бир катар кайра каттоо жол-жоболорунан өтүп, акыркы жолу «К.Н.А.» аттуу жаранга кайра каттоо жүргүзүлгөн. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды.
Учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.