УКМК: «Бишкекте туруп Таластагы мырзаларды алдап келген кыздар кармалды»

Интимдик кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарды тартууга катышкан алдамчылар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Инстаграм социалдык тармагы аркылуу интимдик кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарды таратуу иштерине бөгөт коюлду. Интимдик кызмат көрсөтүү боюнча жарнактарда беттери жабылган кыздардын сүрөттөрү тиркелип таратылып жаткандыгы аныкталган. Ошол эле учурда жогорудагы аккаунттун администратору интимдик кызмат көрсөткөн кыздар күтүп турган даректи алуу үчүн алдын ала 500 сомдон 2000 сомго чейин акча которууну суранган. Бирок акча каражатын алгандан кийин ар кандай шылтоолор менен мурда убада кылынган шарттардан баш тартып, байланышын токтотушкан. Бул факты боюнча чогултулган материалдар Маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында Бишкек шаарынын аймагында интимдик кызмат көрсөткөн адамдардын тиешеси бар экени аныкталган.

Муну менен катар акча каражаттарын накталай берүү менен алектенип, мыйзамсыз иш аракеттерге катыштыгы бар делип С.К.А. аттуу жаран дагы аныкталган. Аталган адамдарга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө алар мындан ары мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө убада беришти.