УКМК Бишкектеги вебкам-студиялардын уюштуруучуларын кармады (видео)

УКМК кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого каршы күрөшүү боюнча өз ишинин жүрүшүндө, Бишкекте көмүскө кирешелери бар 15тен ашык вебкамера-студияларынын ишмердүүлүгүн уюштурган туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн токтотту. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, бул ишти ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынан турган уюштуруучулар, жаш кыздарга интернет мейкиндиги аркылуу онлайн интимдик кызматтарын көрсөтүү шартында, жогорку кирешени сунуштаган.

Ошол эле учурда бир гана студиянын көмүскө кирешеси болжол менен 90-100 миң долларга жетип, анын 5-10 пайызы гана бул тармактын жумушчуларынын кызматына акы төлөөгө бөлүнгөн.

«3-августта тергөө иш-чараларынын алкагында кылмыштуу топтун негизги уюштуруучулары жумалык эмгек акыларын бөлүштүрүү учурунда кармалган. Алардын жашаган жеринде жана студиялар үчүн ижарага алынган батирлерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, персоналдын кызматына, ошондой эле компьютердик жабдууларга жана интернеттеги интимдик кызматтарды көрсөтүүгө керектүү нерселерге төлөнгөн 27 миң доллар өлчөмүндөгү каражаттар алынды. Тергөө тарабынан белгиленгендей, уюштуруучулар кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар түрүндөгү кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырышкан«,- деп айтылат маалыматта. 

Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип, кылмыштын башкы уюштуруучусу кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын мыйзамсыз иштерин аныктоо жана документтештирүү боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.