УКМК: Бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткан жаран кармалды

УКМК тарабынан кечээ, 24-майда Нарын облусунун 2001-жылы туулган тургуну кармалды. Ал 24-майда саат 00:46да Инстаграмдагы “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесинин төрагасынын аккаунтуна бейбаштык максатында фейк аккаунтунан окуу жайдын аймагына жардыргыч зат коюу пландалып жаткандыгы тууралуу жалган билдирүү жөнөткөн.
Ыкчам аракет көрүү планына ылайык, студенттерди жана мекемелердин кызматкерлерин эвакуациялоо чаралары көрүлүп, бирок жогорудагы даректин имараттарын жана ага чектеш аймакты текшерүү учурунда жардыруучу заттар, ок атуучу куралдар жана башка кооптуу нерселер табылган эмес. Азыркы учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында процессуалдык чаралар көрүлүп, кармалган адам мыйзамга ылайык жазага тартылат.