УКМК «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Ураимовдун кармалышы боюнча үн катты

УКМК тарабынан бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

«Улуттук коопсуздук органдары Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык) каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде 8-февралда Кыргыз жараны Мирлан Ураимов кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.