УКМК: Бюджетке 87 миллион сом болгон зыяндын орду толтурулду

Мурда маалымдалгандай, “коррупция” беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 5 адам, анын ичинде бажы органдарынын жооптуу кызматкерлери,Соода-өнөр жай палатасынын Баткен бөлүмүнүн жетекчиси жана ошондой эле ишкерлер айыпталып кармалып, камакка алынган. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Тергөөнүн жүрүшүндө, контролдоочу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары узак убакыт бою ак ниетсиз чарба жүргүзүүчү субъекттерге алардын иш жүзүндөгү салык базасын жана көмүрдү казып алуунун жана коңшу өлкөлөргө жасалма түрдө төмөн баада экспорттоодон келип түшкөн ашыкча пайда алуусун бажы жана салык органдарынан системалуу түрдө жашырууга колдоо көрсөтүп келгени тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынган. Республиканын бюджетине келтирилген материалдык зыяндын так көлөмүн аныктоо максатында Сүлүктү шаарынын аймагында акыркы 6 жыл ичинде көмүр өндүрүү, сатуу жана экспорттоо менен алектенген 29 чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишмердүүлүгүнө салыктык текшерүү/кайра текшерүү дайындалды.

5-октябрдан 17-октябрга чейин Салык кызматынын салык инспекторлору тарабынан берилген көрсөтмөлөрдүн негизинде 11 чарба жүргүзүүчү субъекттерге карата салыктык текшерүүлөр жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында санкцияларды жана кошумча айыпты эсепке албаганда, жалпы суммасы 216 миллион 809 миң 62 сом салыктар дагы эсептелди.

Атап айтканда:

1. «Нур» ЖЧКсы, 63 376 640 сом.
2. «Нуркен» ЖЧКсы, 11 922 801 сом.
3. «Рио Групп» ЖЧКсы, 27 608 456 сом.
4. «Кен Ордо» ЖЧКсы, 21 823 091 сом.
5. «Ахмат Кен» ЖЧКсы, 5 759 095 сом.
6. ЖИ «А.А.Мадаминов», 3 140 396 сом.
7. ЖИ «Асанов Б.Б.», 9 780 545 сом.
8. «Али-Экспо» ЖЧКсы, 6 068 950 сом.
9. «Ак-Булак Көмүр» ЖЧКсы 16 987 762 сом.
10. «Халил-Имран» ЖЧКсы 16 617 857 сом.
11. «Имамидин Экспорт» ЖЧКсы 7 174 727 сом.
Ошону менен бирге «Имамидин Экспорт» ЖЧКсына карата жүргүзүлгөн кошумча текшерүүнүн негизинде дагы 26 783 030 сом салыктар эсептелди.

Аталган кылмыш ишинин алкагында 9-ноябрга карата төмөндөгү чарбалык субъектилер тарабынан республиканын мамлекеттик бюджетине жалпы суммасы 87 169 537 сом салык төлөндү. Алар:

1. «Рио Групп» ЖЧКсы 48 275 171 сом;
2. «Имамидин Экспорт» ЖЧКсы 4 804 664 сом.
3. «Ахмат Кен» ЖЧКсы 8 925 063 сом;
4. «Кен Ордо» ЖЧКсы 21 818 089 сом.
5. ЖИ Мадаминов А.3 346 000 сом.