УКМК чек арадан мыйзамсыз өткөн 11 Тажик жаранын кармап, камакка алды

УКМК тарабынан мыйзамсыз миграция каналы боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажик жарандары Сүлүктү шаарындагы көмүр кампаларынын биринде мыйзамсыз жашап жана иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Ушул жылдын 29-апрелинде Сүлүктү шаарынан УКМК кызматкерлери тарабынан Согди облусунун Жаббар-Расулов районунун Коргончо айылында туулуп-өскөн тургундар, белгиленген тартипти бузуу менен мыйзамсыз эмгектенип жүргөн 11 жаран кармалды. Бул факты боюнча 30-апрелде УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинде (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш иши катталган. Кармалган Тажик жарандары УКМК тергөө камак жайына жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүп жатат.