УКМК: Пакистандын 28 жараны документи жок Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген

УКМК тарабынан мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 15-майда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын бузуу менен Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринде иштеген Пакистандын 28 жараны аныкталды. Тактап айтканда, алардын визасынын жарактуу мөөнөтү өтүп кеткен.

Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматына өткөрүп берилди. УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюу боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.