УКМК: Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси камалды

Мурда маалымдалгандай, УКМК Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы менен биргеликте 23-июнда 20 миң доллар алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган.

Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 миң доллар өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.

24-июнда кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды.