УКМК чыккынчылыкка шектүү 2 жаранды кармады

2 Кыргыз жараны чыккынчылык кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жазык кодексинин 307-беренесинин 1-бөлүмү (мамлекеттик чыккынчылык кылуу) боюнча УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында айрым кыргызстандык жарандардын чыккынчылык кылууга катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынды. Анын негизинде 13-апрелде Кыргыз Республикасынын жарандары М.К. жана М.Т. кармалышты.

УКМК чыккынчылык кылгандыгы үчүн 10 жылга эркинен ажыратуу түрүндө кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын белгилейт. Кылмыш иштин материалдары жашыруун болгондуктан кармалган адамдар тарабынан жасалган кылмыштардын жагдайлары жөнүндө маалымат тергөө аяктагандан кийин берилет», — деп айтылат маалыматта.