Вебкам-студия уюштуруучу делген Даниель Ажиев 500 миң доллар алынганын УКМКдан билдиришти.
УКМК тараткан маалыматка ылайык, ал коңшу өлкөлөрдүн жарандарынан турган 300дөн ашуун операторду иштеткен. Ал тарабынан кылмыштуу аракеттерден мыйзамсыз алынган акча каражаттарынын жүгүртүүсү ай сайын болжол менен 300 миң долларды түзгөн. Бул иш боюнча топтун 8 активдүү мүчөсү кылмыш жоопкерчилигине тартылып, алардын алтоосу, анын ичинде Ажиев өзү кармалып, экөөнө издөө жарыяланган. Ал бөгөт чарасын өзгөртүп, камактан чыгуу үчүн 500 миң доллар сунуштаганы айтылды. Андан соң бул сумма анын жубайынан алынып, кымбат баалуу унаалар менен батирлери камакка алынды.
УКМК айрым ЖМКларда Ажиев бюджетке 44 миллион сом берди деп тараган маалыматты да төгүндөдү. Ошондой эле ага карата козголгон кылмыш иши жакынкы убакта сотко өткөрүлөрү маалымдалды.
Даниель Ажиев 5-июнда УКМК тарабынан Өзбекстандын аймагында кармалган. Ал БАЭге учуп кетүүгө аракет кылган.