Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров коррупцияга шектелип жатышат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, УКМК «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча долбоордун ар кандай баскычтарында коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында ведомстволор аралык тергөө тобу ушул кылмыш ишине тиешеси бар адамдардын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин улантууда.
«31-майда бир катар тергөө иш-аракеттеринен кийин Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө (коррупция) каралган кылмышка шектелип, Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалды»,— деп айтылат маалыматта.