УКМК: «Динара Молдошевага чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалды»

Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп турган кезде өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болгон Динара Молдошева коррупцияга шектелип жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, аталган кылмышка шектүү деген билдирүү өкмөттүн Жогорку Кеңештеги мурунку ыйгарым укуктуу өкүлү Динара Молдошевага да жиберилген. Бирок анын үй-бүлөлүк абалын жана жашы жете элек балдары бар экендигин эске алуу менен, ага чет жакка чыкпоо жөнүндө тил кат түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Динара Молдошева ушул жылдын 27-майында Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору болуп дайындалган.