УКМК: «Дөө Чыңгыздын» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адамды уурдап, андан акча талап кылышкан

«Дөө Чыңгыздын» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адамды уурдап, андан акча талап кылышкан. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту (Баңги каражаттарын психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде адам уурдоо, опузалап талап кылуу жана өлтүрөм деп коркутуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында, 2-апрелде 3 Кыргыз жараны кармалды.

Буга чейин УКМКга жазуу түрүндө жарандардын бири анын тууганын уурдап, кара күч колдонуп, белгисиз даректеги ижарага алынган батиринде кармап тургандыгы, уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кармалгандар «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун уюшкан кылмыштуу тобуна катышы бар экендиги такталган. Учурда кармалгандарга карата тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, алардын бири УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.