УКМК: «Эки Кыргыз жараны коңшу өлкөгө жарандарды мыйзамсыз өткөрүп турган»

иллюстрация

Мамлекеттик чек арадан жарандарды мыйзамсыз алып өтүп турган туруктуу каналдын ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларынын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын 2 жараны кармалды. Кармалган адамдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү үчүн бирге иштешүү жолу менен жарандарды коңшу өлкөгө алып өтүп турган. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

«УКМК мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү кылмыш болуп саналарын бул үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде 3 жылга чейин эркинен ажыратуу же 260 миң сомго чейин айып салуу каралгандыгын эскертет», — деп айтылат маалыматта.