УКМК: «Экс-мэр Азиз Суракматов казынага 125 миллион сом кайтарды»

Бишкектин мурунку мэри Азиз Суракматов мамлекетке 125 миллион сом кайтарган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, экс-мэр мамлекетке 150 миллион сомдук чыгым келтирген.

«Ал дагы 25 миллион сом кайтарышы керек. Эгер төлөсө аны бошотобуз», — деди төрага.

Суракматов 26-майда коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектелип Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган. 28-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, 26-июлга чейин камакта калтырылган.