10-июлда УКМК ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун 2-муниципалдык аймактык башкармалык (МТУ-2) жашоочуларына акча таратып жаткан жеринен «Эмгек» партиясынын өкүлү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран «Эмгек» партиясынан талапкеринин көрсөтмөсү боюнча МТУ-2 жашоочуларынын ар бир катталган шайлоочуга 1000 сомдон акча каражатын таратып жаткан. Аны тинтүү учурунда бөлүштүрүү үчүн арналган 10 миң сомдук акча каражаты, ошондой эле акча каражаттарын алгандыгы жөнүндө белги коюлган шайлоочулардын тизмеси табылып алынган. Учурда УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар улантылууда.