УКМК: «Эркин-Тоо» имараты тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кайтарылат»

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин кызматкерлери “Эркин-Тоо” гезитинин имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесинен мыйзамсыз чыгарышкан. Бул тууралуу УКМКдан маалымат таратышты.

Аталган имарат 2002-жылы республикалык маанидеги мамлекеттик тизмеге киргизилгени айтылып, мыйзамга ылайык, тарыхый-маданий мурас объектилерин уратуу, которуу, кайрадан куруу жана өзгөртүү бир гана өкмөттүн уруксаты менен ишке ашат. “2015-жылы “Эркин-Тоо” ачык акционердик коомунун акционерлери министрликтин кызматкерлери жана курулуш компаниялардын бири менен жең ичинен сүйлөшүп алып, имарат турган жер тилкенин аянтында көп кабаттуу турак жай куруу үчүн аны тизмеден мыйзамсыз чыгарышкан. Ошол эле учурда илимий-техникалык экспертиза жүргүзүлгөн эмес. “Эркин-Тоо” имаратын тарыхый жана маданий эстеликтердин тизмесине кайтаруу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат”, — деп УКМКнын маалыматында жазылат.

2015-жылы Темир Сариев өкмөт башчы болуп турган. “Эркин-Тоо” имараты турган жер тилкеге Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ээлик кылары айтылып келет.