УКМК: Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары коррупцияга шектелип кармалды

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы жана Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытайга мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүн текшерүүдө. Бул тууралуу атайын кызматтын билдиришти.

Кылмыштуу топтун жетекчилери эки Кыргыз жараны экендиги аныкталып, алар «Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Орусиядан Кыргыз Республикасына контрабандалык жол менен алып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытайга өткөрүп берген. 2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «Бишкек Үч жүз он эки» ЖЧКсынан «Халык Банк Кыргызстан» аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 доллар накталай которулган. 2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» ЖЧКсы «Халык Банк Кыргызстан» аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 доллар которулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кечээ, 7-апрелде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.