УКМК «KG Групп» курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовду аны атайын кызматтын кызматкерлери уурдап кетти делип, 100 миллион сом төлөөгө аргасыз болду деген билдирүүсүн четке какты.
Тергөөдө аныкталгандай, Имамидин Ташов СИЗОдо отурганда уюлдук байланыш аркылуу издөөдө жүргөн Тилекмат Кудайберген уулу (мурдагы Тилекмат Күрөңов) жана башка деструктивдүү маанайдагы адамдар менен биргеликте зомбулук көрсөтүүнү, массалык митингдерди өткөрүүнү, социалдык маселелерди козгоп бийликти басып алууну пландашкан. Ал өзүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашыруу үчүн Тилекмат Кудайберген уулун жана башка бир катар адамдарды туруктуу негизде каржылаган. Натыйжада УКМК тарабынан Имамидин Ташовго, Тилекмат Кудайберген уулуна жана башка адамдарга карата Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө аларга карата издөө жарыяланды.
Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.