УКМК ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык топтун мүчөсүн Бишкектен кармады

Өзгөчө ири өлчөмдөгү метамфетамин баңгизатын ташуу менен алектенген эл аралык баңгизат тобунун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин көмөгү менен эл аралык наркоканалга бөгөт коюуга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Пакистан – Ооганстан-Өзбекстан-Кыргызстан» маршруту боюнча метамфетамин-баңги каражаттарын өзгөчө ири өлчөмдө ташуу менен алектенген эл аралык баңги топторунун иши аныкталып, бөгөт коюлду.

7-октябрда Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүү процессинде чет мамлекеттин жараны кармалып, андан жалпы салмагы 67,615 килограмм болгон 300 миллион сом суммасындагы метамфетамин баңги каражаты табылып, алынган.

Аталган чет элдик жаран жогорудагы маршрут боюнча Гонконг шаарына Казакстан аркылуу келген метамфетаминди жөнөтүүнү уюштурганы аныкталды. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында чет элдик жаран баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.