УКМК издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жаранын кармады

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жаранын кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет мамлекеттин 1990-жылы туулган жараны кармалды.

Кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн. Учурда УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.