УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

4-майда 1966-жылы туулган Кыргыз жараны, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Б.З.Т. Түркиянын аймагында кармалып, депортацияланды. Аталган жаран 2015-жылдын ноябрында Сирияда «Жабхат-Ан-Нусра» эл аралык террористтик уюму тарабынан куралдуу жаңжалга катышкан. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Эл аралык террористтик жана радикалдык-экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган антитеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө козголгон кылмыш ишинин алкагында, чет мамлекеттин аймагында куралдуу кагылышууларга же согуш аракеттерине катышкандыгы, террористтик жана экстремисттик даярдыктан өткөнү, ошондой эле улуттук этностор аралык, расалык, диний жана регион аралык кастыкты козгогондугу үчүн аталган Кыргыз жараны кармалган. Ал соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.