УКМК: Издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды

«Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун согушкерлеринин бири, 1993-жылы туулган Кыргыз жараны М.У.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.
Аталган жаран чет өлкөдө иштеп жүргөндө дистанттык түрдө жумушка алынып, андан кийин 2015-жылдын август айында Түркия аркылуу транзит менен Сирияга кеткен. Мосул шаарындагы (Ирак) логистикалык лагерлерде диверсиялык жана күжүрмөн даярдыктан өткөндөн кийин, ЭТУ тарабынан Ирактын өкмөттүк күчтөрүнө каршы согуштук аракеттерге катышкан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.