УКМК: «Жалал-Абаддагы медицина факультетинин мурдагы деканы 12 миң долларга диплом жасап берген»

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы чет элдиктер үчүн жасалма дипломдорду жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кыргыз жараны 2017-2018-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин деканы кызматын аркалап турган убагында, 12 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлык үчүн Ирактын эки жаранына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясын бүтүргөндүгү тууралуу жасалма диплом жасап бергени аныкталган.

Учурда башка ушул сыяктуу фактылар, ошондой эле жасалма диплом жасоого тиешеси бар башка адамдар аныкталууда. Тергөө амалдары жүрүп жатат.