УКМК: Жалил Атамбаев мамлекетке дагы 50 миллион сом төгүп берди

ИИМдин мурунку кызматкери, ишкер Жалил Атамбаев мамлекеттин эсебине дагы 50 миллион сом төгүп берди. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Жалил Атамбаевге мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган деген айып тагылууда. Ал Ички иштер министрлигинин кызматкери болгон убагында, бир эле мезгилде ишкердүүлүк менен алектенип, 100 миллион сомго кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны өзүнүн жакын туугандарынын атына каттаганы тууралуу тергөөдө аныкталган.

Буга чейин тергөө менен кызматташууга макул болуп, кылмыш иши боюнча келтирилген зыяндын ордун толтуруу өтүнүчүн бергенине байланыштуу боюнча, 29-мартта шектүү 50 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтурду. Ал буга чейин 50 миллион сом төлөгөнү айтылган.

«Жалил Атамбаев бүгүнкү күндө кылмыш ишинде 100 миллион сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толугу менен төлөп берди. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери акыркы баскычтагы зарыл болгон тергөө иш-аракеттери жүргүзүлгөндөн кийин, акыркы процесстик чечимдер кабыл алынып, тергөө мыйзамда белгиленген мөөнөттө аяктайт», — дешти УКМКдан.