УКМК Жалил Атамбаев менен Салайдин Айдаровдун Салимбай Абдувалиев менен жолуккан видеосун жарыялады

УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоо, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 1965-жылы туулган Жалил Атамбаев (ИИМдин мурдагы кызматкери, ар кандай жетекчилик кызматтарды аркалаган, анын ичинде Ош шаарынын эл аралык аэропортунун транспорт бөлүмүнүн башчысы кызматын ээлеген) жана 1969-жылы туулган Салайдин Айдаров (Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты) боюнча маалымат алынган.

Тактап айтканда, Жалил Атамбаев укук коргоо органдарынын кызматкери жана жогорку кызматтарды ээлеп турган учурда мыйзамсыз жолдор менен олуттуу финансылык каражаттарды ээлеп алгандыгы аныкталды. Органдардан бошотулгандан кийин бизнес менен алектенип, анда ишмердүүлүгүнүн негизги багыты көп кабаттуу үйлөрдү куруу болуп саналган. Деген менен, ишкердик ишти жүргүзүүгө алгачкы капитал мыйзамсыз алынып, муну мамлекеттик кызматта турган мезгилде мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартуу далилдеп турат.

Ошол эле учурда Атамбаев өзүнүн бизнес империясын кеңейтүү максатын көздөп, Өзбекстан Республикасындагы кылмыш дүйнөсүнүн лидери, 1-августта УКМК тарабынан издөө жарыяланган Салим Кыргызбаевич (“Салимбай Байбача”) менен жакын мамиледе болгон. Өз кезегинде Абдувалиев ага колдоо көрсөтүп, бизнес жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берген, ал үчүн кыргыз ишкеринен эбегейсиз каражат алган.

Мындан тышкары, кылмыш ишинин дагы бир фигуранты Абдувалиевдин укукка каршы ишмердигин жана анын «Мыйзамдагы ууру»  Камчы Көлбаев менен тыгыз байланышы бар экендигин билип туруп, Өзбекстанда жүргөн мезгилинде Өзбекстандын кылмыш дүйнөсүнүн лидери Абдувалиевге ар тараптан сый-урмат көрсөтүп, ал Өзбекстан Республикасынын аймагында ишке ашып жаткан ишмердүүлүгүнө колдоо алып турган.

Учурда трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун кылмыш иштерине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.