УКМК: «Таласта жаран 59 гектар жерди мыйзамсыз иштетип жүргөн»

Талас облусундагы Манас районунун аймагында жайгашкан жер тилке мамлекеттин эсебине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Талас облусунун Манас районунун Үч-Коргон айылында жайгашкан 59 гектар алма бак мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын болжолдуу баасы 20 миллион 650 миң сомду түзөт.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жыйынтыгында, 2004-жылдан азыркы учурга чейин аталган алма бак өз багытында пайдаланылбай келгендиги аныкталып, жер тилкени мыйзамсыз пайдаланып жүргөн жаран жер мыйзамдарын бузгандыгын мойнуна алып, өз ыктыяры менен жер тилкесин мамлекеттин балансына кайтарып берген», — деп жазылат маалыматта.