УКМК жасалма диплом сатууга тиешеси бар адамдар кармалганын билдирди

Жасалма диплом сатууга тиешеси бар адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

14-июлда УКМК тарабынан жогорку окуу жайынын дипломун мыйзамсыз даярдоо жана сатууга тиешеси бар деп шектелген адамдардын тобу кармалды. Кармалган эки Кыргыз жараны 3 миң доллар каражатына Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан Москва ишкердик жана укук институтунун филиалынын жогорку билими тууралуу дипломун жаранга жасап беришкен. Бул адамдар дипломду берип, акча каражатын алып жаткан учурда кармалышкан. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.