УКМК жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди

Жашыруун улутчул топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК органдары тарабынан этностор аралык негиздеги чыр-чатактардын чыгышынын себептерин жана шарттарын аныктоо, улуттар аралык мыйзамсыз аракеттерге жана укук бузууларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, Бишкек шаарында жана Чүй облусунда улутчулдардын жашыруун тобу иш жүргүзүп, азиат улутундагы адамдарга карата мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялап жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынган. Улутчул топтун мүчөлөрү өздөрүнүн видеолорунда фашисттик символдорду колдонушкан.

«УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 4-пункттарында каралган кылмыштардын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын кызматтын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, анын натыйжасында аталган топтун үч мүчөсү аныкталып, кармалды. Тергөө иш-чараларынын алкагында кармалгандардан алардын мыйзамсыз иш-аракеттерин далилдеген буюмдар алынган. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камалды»,— деп айтылат маалыматта.