УКМК жеке ишкер Олег Подобедовду кармады

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топторунун иш-аракеттерине каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаранын алкагында 1969-жылы туулган П.О.В. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө, ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом) табылган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Мындан тышкары, анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Учурда уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жергиликтүү ЖМКлар кармалган адамдын жеке ишкер Олег Подобедов экенин жазышты.