УКМК «Женго» каймана аттуу кримтөбөл камакта калтырылганын билдирди

Кримтөбөл Кадырбек Досонов камакта калтырылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга байланышкан оор кылмыштарды жасаган деп айыпталган криминалдык авторитет Досоновго карата тергөө иштери аяктады. Тергөө аяктагандан кийин бул кылмыш ишин кароо үчүн Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна жөнөтүлүп, анын чечими менен 23-декабрда ага карата баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылган. Ошону менен бирге, 24-декабрда төрагалык кылуучу алмашкандыгына байланыштуу, Досоновго карата мурда кабыл алынган чечим каралып, жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен анын баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө өзгөртүлдү», — деп айтылат маалыматта.

11-февралда УКМК тарабынан Кадыр Досонов бирөөнүн менчигине байланыштуу оор кылмышка катыштыгы бар делип кармалган. Буга чейин ага 2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарып, издөө жарыяланган болчу.