Депутат Алиярбек Абжалиев Сооронбай Жээнбековдун куда экенин пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен

Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата катталганын УКМКнын басма сөз кызматынан бүгүн, 1-мартта билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Алиярбек Абжалиев тарабынан мыйзамсыз баюу фактыларын аныкталган. Абжалиев Жогорку Кеңештин депутаты болуп, ошондой эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкени айтылат.

Алиярбек Абжалиев мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

«Ошол эле учурда, ал жеке түзүмдөрдүн кызыкчылыктарын коргоо менен мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирген. Абжалиев мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп, өзүнүн расмий кирешеси менен салыштырууга болбой турган мүлктөргө ээ болгону аныкталды. Тактап айтканда, 20дан ашык элиталык батирлер, Бишкек шаарынын VIP-шаарчаларындагы турак-жайлар, Ысык-Көл облусундагы пансионат, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы жер тилкелери, ошондой эле Түркиядагы жана Бириккен Араб Эмираттарындагы кыймылсыз мүлктөр”, — деп белгилешти УКМКдан.

Мындан тышкары, УКМКдан Абжалиев «Бишкек шаарындагы жана башка коммерциялык объектилердеги көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн курулуш компанияларынын бирине, тактап айтканда, Кайыңды кабель заводуна, ошондой эле көмүр жана алтын кендерине олуттуу каражат жумшаган» деп кошумчалашты.

Учурда тергөө иштери уланып жатат.