УКМК: Жогорку Кеңештин депутаты менен уюшкан кылмыштуу топтун лидери жолугушканы аныкталды

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны мамлекеттик бийликтин бардык деңгээлдериндеги кызмат адамдары менен биригүүсү боюнча тынымсыз чаралар көрүлүп жатат, бирок келип түшкөн маалыматтар көрүлгөн чаралардын жетишсиздигин көрсөтүүдө. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

«Криминалдык авторитет Камчы Асанбек менен Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун ортосунда улуттук коопсуздук органдары тарабынан белгиленген байланышка өзгөчө көңүл бурууга татыктуу, себеби, 25-декабрда ал атайын Чолпон-Ата шаарына уюшкан кылмыштуу топтун лидери менен «Барс» спорттук-эс алуу комплексинде жашыруун жолугушуу үчүн келгендиги аныкталды, бул боюнча далилдүү фактылар бар. Белгилей кетсек, кылмышкерлер менен мындай байланыштар бир гана чиновниктер эмес, өзгөчө эл өкүлдөрү, бийликти дискредитациялоого, элдин ишенимине доо кетирүүгө жана өлкөнүн жогорку жетекчилигинин экономиканы өнүктүрүүгө жана мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган аракеттерин нейтралдаштыруу болуп саналат. Ушуга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлерге, анын ичинде эл депутаттарына кылмыштуу элементтер менен байланышууга жол берилбестигин эскертет, бул алардын кылмыштуу аракеттерине шериктештик катары бааланат», — деп жазылат маалыматта.