УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кармалганын билдирди

УКМК маалымат таратып, тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, экс-депутат, Жалал-Абад облусунун экс-губернатору У.С.И. кармалганын билдирди.

Ал 1995-жылдын декабрынан 1996-жылдын апрелине чейин «Кыргызтрансавто» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы болуп турган учурда, айрым кызмат адамдарынын көмөгү менен «Токчулук» мамлекеттик акционердик коомунун акцияларын мамлекеттин эсебинен сатып алып, андан кийин мурдагы Балыкчы эт комбинатынын кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз жеке менчикке алып чыккандыгы аныкталган.

«Бүгүнкү күндө жогорудагы кыймылсыз мүлктүн наркы 626 миллион сомду түзөт. Азыркы учурда белгиленген коррупциялык схемага башка адамдардын катышы аныкталууда жана мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктү кайтарып алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө», — дешти.