УКМК «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерин кармады

Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызмат адамы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача участогуна мамлекеттик актыны берүү үчүн Кыргызстандын жаранынан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

«28-июлда УКМК дарегине, белгиленген иш боюнча оң чечим чыгарып берүү үчүн 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылуу боюнча жаран арыз менен кайрылган. 3-августта «Кадастр» мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратында акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси кармалды»,- деп айтылат маалыматта.