УКМК камакка алынган Бактыбек Калмаматов боюнча маалымат таратты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

«Аткарылган иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынды. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тергөөнүн жүрүшүндө Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды.

Иш боюнча топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде, 22-декабрда бул кылмышка шектүү катары Калмаматов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.