УКМК: «Кара-Кулжада Кыргызстандын паспортун Өзбек жарандарына мыйзамсыз бергендер аныкталды»

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК 20-октябрда мамлекеттик органдардын, мамлекеттик кызматкерлердин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасындагы фактысын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын алкагында, Ош облустук Кара-Кулжа районунун жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмүнүн башкы адисин кармады. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз түрдө Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун Өзбекстан Республикасынын жарандарына белгилүү бир акчалай сый акы үчүн бергени аныкталды.

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 330- беренесинин 2-бөлүгү (паспортту мыйзамсыз берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш иши башталды.