Каракол шаардык кеңешинин депутаты менен жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Алар 2021-жылдын 5-мартында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалышкан.
УКМК тактагандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. 2015-2020-жылдары «Дорстройсервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп турган учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.