УКМК Каракол шаардык кеңештин депутатын кармады

Каракол шаардык кеңешинин депутаты менен жол чарба департаментинин аймактык бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Алар 2021-жылдын 5-мартында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалышкан.

УКМК тактагандай, Каракол шаардык кеңешинин депутаты Ч.Т.Ч. 2015-2020-жылдары «Дорстройсервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп турган учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып,  Транспорт жана жол министрлигине караштуу жол чарба департаментинин №4 аймактык бөлүмүнүн башчысы К.К.У. менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, аталган ЖЧК тарабынан Каракол шаарынын жол тармагын оңдоо иштеринин ашыкча көлөмүн аткаруу үчүн келишимдерди түзүшкөн.

Кармалган адамдар Каракол шаардык ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана ошондой эле аталган фактыларга башка кызмат адамдарынын тиешеси бардыгы боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Айрым ЖМКлар кармалган депутат Туганбек Чолпонбаев экенин жазышууда.