УКМК Казакстандын жараны — Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсүн кармады

Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

3-октябрда УКМК тарабынан сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында 1958-жылы туулган Казакстан Республикасынын жараны кармалган. Кармалган жаран буга чейин баңгизат, курал-жарак, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстанда, Кыргызстанда жана башка КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну көзөмөлдөө үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Азыркы учурда ал УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, анын Кыргыз Республикасынын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.