УКМК: Кочкордо «хан» деп атыккан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кечирим сурады

Кочкордо «хан» деп атыккан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кечирим сурады. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Нарын облусунун Кочкор районунун тургундарынын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, райондо «положенец» катары «хан» каймана аты менен белгилүү болгон Алмаз Чигентаев, Кочкор районунун 1988-жылы туулган тургуну, коомчулуктун алдында эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрү менен, анын ичинде кечээ эле жергиликтүү ишкерден опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кармалган жарандардын бири менен дагы эч кандай байланышы жок экендигин айтты.

Ошону менен бирге мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды. Эгерде криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнөн жабыр тарткан жарандар болсо, УКМК органдарынын жергиликтүү түзүмдөрүнө кайрылыңыздар:
УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы: 03522 50419; 0700 10-00-05;

УКМКнын Кочкор райондук бөлүмү: 03535-50-386; 0507 88-23-88