УКМК: Конституциялык соттун төрагасы тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

УКМК тарабынан Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле мыйзамдарды одоно бузуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жетекчи кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын чыгаруу максаттарына пайдаланышкан. Бул фактылар боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.