УКМК: «КУУ менен БМУнун деканы гранттык орундарды сатышкан»

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кусеин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери тарабынан уюштурулган Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900 доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема аныкталган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн 2 жаран кармалып, өз кезегинде бирөөсү камакта калтырылган.