УКМК күйүүчү майды мыйзамсыз экспорттоого аракет кылгандарды токтотуп калды

Улуттук Коомсуздук мамлекеттик комитети Чек ара кызматы менен биргеликте күйүүчү-майды  мыйзамсыз экспорттоо каналын токтотуп калды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, буга чейин мамлекеттик комитет тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жаткан.

«Шектүүлөр күйүүчү майды Кыргызстандан коңшу республикалардын бирине экспорттоого аракет кылышкан. Тиешелүү документтери жок 10 тонна күйүүчү май бар автоцистерна Кыргызстандын жараны Ж.Ш.нын көзөмөлүндө болгон. Алар Лейлек районунун Ак-Арык айылы аркылуу коңшу республикага алып өтүүгө аракет жасалган”,- деп айтылат маалыматта.