УКМК: Кылмышка шектүүлөр Эгемендүүлүк майрамында теракт уюштурууну пландаган

УКМК мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу жана конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, белгилүү бир деструктивдүү саясий күчтөрдүн таасири астында, бир нече ай бою өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана жарандардын өлүмү менен коштолгон Бишкек шаарынын аймагында массалык башаламандыктарды уюштуруу жолу менен, бийликти күч менен басып алууну жүзөгө ашырууну пландаган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттерине бөгөт койду.
Аталган адамдар ушул жылдын 31-августунда Бишкек шаарына жакын жерде өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштарды, анын ичинде алдын ала даярдалган кыйратуучу күчтөрдү топтоо максатында спорттук оюндарды уюштурууну пландаштырышкан. Ошондой эле бул спорттук иш-чарага элди Бишкек шаарына жөө жүрүшкө үндөш үчүн айрым оппозиция лидерлерин чагымчыл катары чакыруу пландалган. Андан соң, алдын ала даярдалган деструктивдүү спортчулардан жана кылмыштуу элементтерден турган адамдардын тобу кырдаалдан пайдаланып, чогулган элди Бишкек шаарына алып барышып, жол боюнда зордук-зомбулук, каракчылык, өрттөө, мүлктү жок кылуу менен коштолгон массалык башаламандыктарды уюштуруп, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу ок атуучу куралдарды, жардыргыч заттарды колдонуп, бийликти күч менен басып алууну көздөшкөн. Мындан тышкары, алдын ала даярдалган адамдардын тобу провокация жана кырдаалды курчутуу максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине жана жарандарга каршы колдонуу үчүн, ок атуучу куралдарды ээлеп алуу максатында ок атуучу полигонду басып алууну пландашкан.
Аталган кылмыштуу топ ушул жылдын башынан бери бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча максаттуу иштерди жүргүзүп, республиканын айрым аймактарында деструктивдүү маанайдагы жаштарды мобилизациялоо үчүн «Смотрящийлер» делген адамдар менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Башаламандыкты уюштурууну көздөгөн тараптар ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү жана уулу заттарды (көздөн жаш агызуучу газды) даярдоо үчүн зарыл болгон тетиктерди сатып алышкан. Ошондой эле, башаламандык учурунда укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, күч түзүмдөрүнүн аракеттерин үзгүлтүккө учуратуу максатында, алардын аракеттерин координациялоо үчүн рацияларды, ок өтпөс кийимдерди жана көп сандагы укук коргоо органдарынын кийимдерин да сатып алышкан.
Кармалган К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б. 21-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тийиштүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.