УКМК: «Кыргыз көмүр» ишканасынын директору, «Кара-Кече» филиалынын бухгалтери кармалды»

«Кара-Кече» кенинен көмүр уурдоо боюнча «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги пайда көрүү максатында «Кара-Кече» кенинен казылган көмүрдү сатууда туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталды. Кийинчерээк чийки заттар көзөмөлдөгү компаниялар аркылуу ар кандай керектөөчүлөр, анын ичинде Бишкектеги ЖЭБге сатылган.

«Энергетика, тоо-кен көзөмөлү жана өнөр жай коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция жүргүзгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, мамлекеттик ишкана тарабынан казылган көмүрдүн көлөмү жылына болжол менен 600 миллион сомдук 370 миң тоннадан ашык аз көрсөтүлгөнү аныкталган. 3-августунда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын алкагында, «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын директору жана «Кара-Кече» филиалынын бухгалтери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, мамлекеттик ишкананын учурдагы директору Канатбек Ашырбаев.